МУХАММЕД САДЫК КАШГАРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУХАММЕД САДЫК КАШГАРИ (1740-1849) - уйгур тарыхчысы, адабиятчы, акын жана ойчул. Ар кыл жанрдагы 18ден ашуун эмгек жазган. Анын «Адаб ас-саалихиин» («Адал өрнөк адам­дардын адеби») китеби О. Азиядагы медреселерде окуу куралы катары колдонулган. Ал Табари­нин жана Мырза Мухаммед Хайдардын тарыхый эмгектерин уйгур тилине которгон. 1768-69-ж. уйгур тилинде жазган «Тазкира-йи хожаган» («Кожолордун өмүр баяны») эмгегинде кашкар­лык кожолордун жана кыргыздардын 17-18- к-дын 60-жылдарына чейинки тарыхын чагыл­дырган. «Тазкира-и азизан» («Азиз инсандардын баяны») деген да эмгеги бар.

Ад.: Дмитриев Л. В., Мугинов С. Н. Описание тюрк­ских рукописей Института востоковедения. М., 1975.