МУХАММЕД РАХИМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУХАММЕД РАХИМ, Сеид Мухаммед Рахим (туулган жылы белгисиз -1758) - Маңгыттар династиясынын негиздөөчүсү, Аштарханиддер династиясынын

аталыгы (1743-53), Бухара хандыгынын эмири (1753-58). Бийликке келгенден кийин 20-30 миңге чукул аскер топтоп, Бухара хандыгын Иранга көз карандылыктан бошоткон. М. Р-дин тушунда Фергана жана Ташкент аймактарында­гы Шахрисабз, Жызак, Оро-Төбө сыяктуу шаар­лар Бухара хандыгынын колуна өткөн.