МУРАТААЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРАТААЛЫ Күрөңкөев (20. 2. 1860, Жети-Суу обл., Каракол у., Талды-Булак кыш. - 12. 1.

1949, Кемин р-ну, Кара-Дөбө кыш.) - кыргыздын залкар комузчусу, кыл кыякчы, чоорчу. Кыргыз ССРинин эл арт. (1939). Чоң атасы Бе­лек, атасы Күрөңкөй кер­нейде, сурнайда, чоордо, ко­музда, кыл кыякта, домбра­да мыкты ойноп, күү да чы­гарышкан. Күрөңкөй жокчу­луктан Чоң Кеминге көчүп

келип, жалданып оокат кылган. Атасы М-ын шыгын байкап, ага кыяк, комуз чертүү ыкма­ларын үйрөткөн. М. 15 жашынан эл аралап, жыйындарда комуз чертип, казак, өзбек, орус музыканттары менен кезигишкен. М. 1922-ж. Ка­раколдо комузчулар ийримин жетектеген. 70 жашында Фрунзеге чакырылып, 1928-36-ж. Кыргыз театрында музыкант болуп иштеген. 1936-ж. Кыргыз филармониясында Шубиндин жетекчилиги менен уюшулган эл аспаптар оркест­ринде кыл кыякта ойногон. Кат тааныбаган­дыгына карабастан, музыкалык сабатты үйрөнгөн. 1939-ж. кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүнө катышкан. М-ын репертуары кыр­гыз элдик музыкасынын бардык жанрын кам­тыган. Ал комуз менен кыл кыякта ЮОгө жакын элдик күүнү аткарган. Өзү да көп күү чыгарып, сурнай, чоор, темир комуз, керней күүлөрүн кай­радан иштеп чыккан. Домбрада да ойной бил­генетикалык М. черткен жана чыгарган күүлөр тарыхый, турмуштук жана обондуу күүлөргө бөлүнгөн. Тур­муштук «Түнкү күзөт», «Кечки жайлоодо», «Ак токту», эпикалык тарыхый «Ак кочкор каңкы», «Мендирман», «Акимкан», обондуу «Шырыл­даң», «Векбекей», «Бешикыры», «Селкинчек», «Кошок», «Күйгөн» ж. б. күүлөрдү черткен. Ко­музчулар арасында тараган «Ботой», «Кербез», «Камбаркан», «Шыңгыраманын» ондогон клас­сикалык үлгүсүн чыгарган. М. терме, насыят ыр­ларды ырдап, «Кыз Дарыйка», «Алпамыш баа­тыр» дастандарын, «Залзал», «Зоркуш» өңдүү жомокторду айткан. Анын чыгармалары кыр­гыз профессионал музыкалык өнөрүнүн калыптанып өсүшүнө зор таасирин тийгизген. А. Малдыбаев «Кызыл жоолукчан» аттуу ырында «Кичине шыңгырамасын», А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере «Алтын кыз» музыкалык драмасына «Бурул­ча», «Олжо», «Кыз кербезди», «Ажал ордуна», «Айчүрөк» операсына «Ураан», «Төрөгелдинин какмасы». «Моңолбайды», М. Раухвергер «Чол­пон» балетине «Кер өзөн», «Ак кочкор каңкы», «Муратаалынын толгоосу», «Той бала», «Шы­рылдаң» ж. б. күүлөрүн пайдаланган. М-ын күүлөрү П. Шубин, С. Ряузов, А. Жумакматов, Э. Жумабаев тарабынан оркестрлештирилген. В. Фере М-ын күүлөрүнүн негизинде «Мурата­лиана» аттуу көлөмдүү сюита жазган. 1960-ж. М-ын туулган күнүнүн 100 жылдык юбилейи белгиленип, Фрунзе музыкалык-хореогр. окуу жайына анын ысмы берилген жана эстелиги орнотулган. Бишкекте анын атындагы көчө бар. Ленин, Эм­гек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Ад.: Виноградов В. Муратаалы Күрөнкөев. Ф., 1962; Алагушев Б. Муратаалы. Ф., 1976.