МУЗЫКАЛЫК ДРАМА
МУЗЫКАЛЫК ДРАМА - 1) операнын алгачкы аталышынын бири, 16-17-к-да колдонулган; 2) музыкага негизги роль берилген драма. Бул жанр эзелтен кытай, инди, европалык театрларда түрдүүчө ойнолуп келген (мисалы, индиялыктардын «Шакунталасы», католик чиркөөсүнүн литургия драмасы ж. б.); 3) 0. Азия респ-калары менен Казакстанда кеңири тараган музыкалык-сахналык жанр. Алар алгач элдик дастандарды иштеп чыгуудан тартып, диалогдорду речитативге алмаштыруу аркылуу опера жанрына өтүп кетүү деңгээлине чейин жеткен татаал жолду басып өтүшкөн терең мазмундуу музыкалык-драма чыгармалары; 4) мазмуну терең, татаал, курч кагылыштарга бай опералык чыгармалардын каймана аталышы (мисалы, В. Власов, В. Фере, «Алтын кыз»).