МУЗДАТУУ СИСТЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗДАТУУ СИСТЕМАСЫ - кыймылдаткычты муздатуу үчүн колдонулган тетик жана агрегат­тар жыйындысы. Кыймылдаткыч иштегенде күйүүнүн натыйжасында цилиндрдин ичиндеги температура 2000-2800°Ска чейин жетет. Муздатуу эки түрдө - суюктук жана аба аркылуу жүрөт. Суюктук менен муздатуу учурунда кыймылдат­кычтын цилиндри жана анын баш жагы (голов­касы), андагы көңдөйдө жайгашкан суюктук менен муздатылат. Ысыган суюктук цилиндр бет­тери аркылуу өйдө көтөрүлүп, түтүк аркылуу радиаторго келет. Радиатор аркылуу өткөн суюктук желдеткич үйлөгөн аба менен муздап, кай­радан түтүк жана канал менен кыймылдаткычтын көңдөйүнө келет. Бул процесс тынымсыз кай­талана берет. Кыймылдаткычтын нормалдуу иштеши үчүн суюктуктун температурасы 85-90°Сдин тегерегинде болууга тийиш. М. с-нда суюктук­тун циркуляция болушун тездетүү үчүн атайын насос колдонулат. Кыймылдаткычтын ысытуу убактысын азайтуу жана суюктуктун температурасын туруктуу кармап турууда термостат колдонулат. Суук болгондо (кышында) муздатуучу суюктук катары тосол жана антифриз пайдаланылат. Көпчүлүк кыймылдаткычтар суюктук аркылуу муздатылат, ал эми аба менен муздатуу негизи­нен авиацияда жана мотоциклде колдонулат.