МОРДВА ТИЛДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОРДВА ТИЛДЕРИ - мордвалардын тилдери. Финн-угор тилдеринин финн-Волга тобуна ки­рет. Мүчөлөмө (агглютинацияланма) тилдер. Сингармонизм мүнөздүү. Мокша жана эрзя тилде­ринен турат. Экөөнө тең таандык жазуусу 18- к-дын ортосунда орус алфавитинин негизинде түзүлгөн. 17-к-дан берки жазма эстелиги (латын графикасындагы) белгилүү. Адабий тилдери 20- к-дын 30-жылдарынын орто ченинде калып­танган.

Ац.: Серебренников Б.А. Историческая морфология мордовских языков. М., 1967; Феоктистов А. П. Очерки по истории формирования мордовских письменно-литературных языков. 2-е изд. Саранск, 2008.