МОГОЛСТАН
МОГОЛСТАН — 14-к-дын орто ченинде 0. Азияда түзүлгөн өз алдынча мамлекет. 1346-ж. Казан хан өлтүрүлгөндөн кийин Чагатай улусу ыдырай баштаган. Мавераннахрда түрк эмирлеринин бир нече майда ээликтери түзүлсө, Мухаммед Хайдардын эмгеги (к. «Тарих-и Рашиди») боюнча анын чыгыш бөлүгү (к. Манглай Субе) дуулат уруусунун эмири Ордобинин (Уртубу) энчисине тийип, натыйжада М-дын мамлекеттик бирикмесинин калыптанышына дуулаттар (дуглат) чоң роль ойногон. Ордобинин небереси Болатши (Пуладчи) Чагатай тукуму деп саналган Туглук Тимурду (Чыңгызхандын тукуму) Ак-Суу ш-нда (Чыгыш Түркстан) такка отургузушкан (1347). Туглук Тимур (1347-62) бийлигин бекемдөө үчүн ислам динин курал катары пайдаланып, бир катар администрациялык, экономикалык, саясий реформаларды жүргүзгөн. Башкы калаасы (1347-80) Алмалык болуп, 1361-ж. Мавераннахр толук могол ханына баш ийген. М. мамлекети Кыргызстандын азыркы аймагын, Казакстандын түштүк-чыгышын кучагына алган, башкача айтканда чыгышынан Бар-Көл, Эмил жана Иртыш; түндугүнөн Көкчө-Тениз (Балхаш), Бум-Лиш жана Каратал; батышынан Түркстан, Ташкент; түштүгүнөн Фергана, Кашкар, Чалыш, Турпан менен чектелген. Кыргыз уруулары М-га көз каранды болуп калбоо үчүн аларга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп турушкан. Өз алдынчалыгы үчүн Мухаммед Хайдар аларды «Моголстан токоюнун арстандары» деп атаган. Туглук Тимурдун уулу Илияс Кожонун тушунда (1362-80) М. ыдырай баштаган. Жети-Суу аймагына дуулаттардын эмири Камар ад-Дин ээлик кылса, Иледен Тарбагатайга чейинки жерлер Еңге төрөнүн колуна өткөн. Султан Саид хандын тушунда (1514-33) М. Кашкар аймагын гана камтып, бир нече жолу катуу сокку жегенине карабай, кыргыздар моголдорго көз каранды болуудан арылган (к. Мухаммед Кыргыз). Бул жөнүндө Мухаммед Хайдар «Бабурдун тукумунан башка Чагатайдан (моголдордон) киши калбай, Турпан жана Кашкар тарапта отуз миңге жакын могол калганын», эми М-га өзбек (казак) жана кыргыздар ээ болгонун эскертет. М-дын алсырай башташы менен кыргыздардын өз алдынча мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө шарт түзүлгөн. 1678-ж. М-ды калмактар басып алып (к. Жуңгар хандыгы), 1704-ж. Мухаммед Мумин хандын көтөрүлүшүнө байланыштуу биротоло жоюлган.
Ад.: Бартольд В. В. Древнетюркские надписи и арабские источники. Соч. Т. V. М., 1968; Караев О. Арабские и персидские источники 1Х-ХП вв. о киргизах и Киргизии. Ф., 1968; Акимушкин О. Ф. К вопросу о внешнеполитическйх связях могольского государства с узбеками и казахами в 30-х годах XVI- 60-х годах XVII в. // Палестинский сборник. Вып. 21 (84). Л., 1970; Пищулина К. А. Юго-Восточный Казахстан в середине XIV - начале XVI в. А.-А., 1977; Мухаммед-Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; НоиюгИг Н. Н. Н181огу о£ 1Ье Моп§о1з 1гот 1Ие 9111 1о 1Ье 191Ь сеп1игу, р1. 1, 1Ье Моп£о1в ргорег ап<1 1Ье Ка1тикв, Ьопбоп, 1876.