МУСАЕВ Көлбай Алишерович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУСАЕВ Көлбай Алишерович (3. 6. 1961-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Кызыл-Суу айы­лы) - коопсуздук кызматынын генерал-майору (2011). КМУну (1984), Киев ш-ндагы СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку курсун (1989), Ев­ропа борборунда квалификацияны жогорулатуу курсун (1999) бүтүргөн. 1984-88-ж. Талас обл­нун Ленинполь р-нундагы Орловка орто мекте­бинде мугалим, комсомолдук иште, 1989-99-ж.

КР Мамлекеттик Улуттук коопсуз­дук комитетинде, 2009-10-ж. Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкент ш-ндагы Региондук террористтерге каршы күрөшүү комитетинде жооптуу кызматкер, 2010- 11-ж. КР Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин төрага­сынын орун басары, 2011- жылдан 1-орун басары, Тер­рорго каршы борбордун

директору. Медалдар менен сыйланган.