МУРГАБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРГАБ — Афганстан менен Түркмөнстандын аймактары аркылуу аккан дарыя. Уз. 978 км, алабынын аянты 46,9 миң км2. Паропамиз тоо­лорунан башталат. Банди-Түркстан жана Савед­кох кырка тоолорунун аралыгындагы кууш өрөөн менен агып, Түркмөнстандын аймагында өрөөнү кеңейип, ирригация тармактарына бөлү­нөт. Кара-Кум чөлүнө чыкканда кургак дельта­ны пайда кылат. Төмөнкү агымында 6 суу сак­тагыч бар. Мары ш. тушта Кара-Кум каналы кошулат. Март - май айларында суусу кирип, кышында ташкындайт. Суусунун орт. ылайлуу­лугу 4500 г/м3. Куймалары: Абикайсор (оң), Кашан, Кушка (сол). Орт. чыгымы ортонку агы­мында 52 м?/сек. Март - май айларында суусу кирип, кышында ташкындайт. Сугатка кеңири пайдаланылат. Боюнда Иолотань, Мары, Бай­рам-Али ш. жайгашкан.