МӨҢГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МӨҢГҮ, м у з д у к - жер бетиндеги табигый кар-муз катмары; ага жылмышуу кыймылы мүнөздүү. Уюлдук аймактарда жана бийик тоо­лордо кардын толук эрибей топтоло беришинен пайда болот. Кар чегинен (жыл бою эрибеген кардын төмөнкү чеги) жогору жаткан бөлүгү куралуу, төмөн жаткан бөлүгү абляциясы (мөңгү же кар катмарынын көлөмү эрүүдөн, буулануу­дан же механикалык ажыроодон кичирейиши) деп ата­латынча М-лөрдө Жердеги тузсуз суунун басымдуу массасы (70%) топтолуп, 16,4 миллион км2 аянтты же кургактыктын 10,9% ин каптап жатат; жал­пы көлөмү 30 миллион км3ге жакын (к. таблица).

М-үн жылышуу ылдамдыгы тоо М-лөрүндө жылына ондогон мге, шельф М-лөрүндө 1,9 юиге жетет. М-лөр негизинен эки типке бөлүнөт: тоо

Жер шарындагы муздуктардын а я н т ы

Муздук облусу

Муздук аян­ты, миң км2

Антарктика

13979

Антарктида

13975

Муздуктар, анын ичинде

13779

жер үстүндөгүлөрү

12150

сүзүп жүрүүчүлөрү

1460

аралдуулары

169

Оазис жана нунатакалардагы мөнгүлөр

196

Антарктика бою аралдары

4,0

Арктика

2044,3

Гренландия

1802,6

Муздуктар

1726,4

Башка мөңгүлөр

76,2

Канада Арктика архипелагы

150

Элсмир аралы

78,4

Баффин Жери

36,8

Девон аралы

16,6

Аксель-Хейберг аралы

12,6

Калган аралдар

5,7

Россиялык Арктиканын аралдары

56,1

Свальбард архипелагы жана Ян-Майен

35,2

аралы

Түндүк Американын Арктика район-

0,3

дору

Азиянын Арктика райондору

0,03

Европа

19,2

Исландия аралы

11,8

Скандинавия

3,1

Альп жана Пиреней тоолору

2,9

Кавказ жана Урал тоолору

1,5

Азия

118,4

Гималай тоолору

33,1

Теңир-Тоо

17,9

Кара-Корум

15,4

Нань-Шань

13

Памир-Алай

12,1

Куньлунь

11,7

Гиндукуш

5,9

Борбордук Азиянын калган райондору

5,4

Сибирь жана Ыраакы Чыгыш

1,6

Кавказ

1,4

Алдынкы Азия

0,05

Калган региондор

0,95

Түндүк Америка

123,7

Аляска

103,7

Жээк кырка тоосу

15,4

Аскалуу кырка тоосу

4,6

Мексиканын жанартоолору

0,01

Түштүк Америка

32,3

Африка жана Океания

0,85

Жаны Зеландия

0,81

Африка

0,02

Жаңы Гвинея

0,02

Бардыгы

16317,63

М-лөрү жана каптама муздуктар. Тоо мөңгү­л ө р ү негизинен тоолордун кыр бөлүгүнө жа­кын пайда болуп, рельефтин оёң формаларын ээлеп, төр, асылма, өрөөн ж. б. М-лөргө бөлү­нөт. Алардын кыймылы оордук күчтүн тааси­ринен каптал ылдый жылышынан пайда бо­лот. Дүйнөдөгү эң ири тоо М-лөрүнө - Аляска­дагы Хаббард (уз. 145 км), Памирдеги Федчен­ко (71,1 км), Кыргызстандагы Түштүк Эңилчек М-сү (58,9 км) кирет. Каптама муздук же материктик муздуктар млндогон км2 аянтты ээлеп, жалпы эле тоо рельефин да жаап калы­шы мүмкүн, үстүнкү бети дөмпөйгөн формада болуп, чет-жакасын карай жылышып, калкы­ма шельф М-лөрүнө өтөт. Каптама муздуктар­дын ири массивдери - Антарктидада, Гренлан­дияда, Арктиканын аралдарында таралган.