МӨМӨ ӨСҮМДҮКТӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МӨМӨ ӨСҮМДҮКТӨРҮ - мөмөсү жегенге жа­рактуу (ширелүү, даамдуу ж. б.) жапайы өсүүчү жана эгилме дарактар менен бадалдар. Булардын түрлөрү өтө көп. КМШ өлкөлөрүндө М. ө-нүн 26 тукумга кирген 200дөн ашык түрү бар. Алар­дын негизгилери: роза гүлдүүлөр (алма, алму­рут, бий алма, чие, гилас, кайналы, кызыл өрүк, шабдалы, бадам, кызылгат ж. б.), жаңгак мө­мөлүүлөр (грек жаңгагы, пекан, мисте ж. б.), жийде өсүмдүктөрү (жийде, чычырканак ж. б.), руталар (мандарин, апельсин, лимон, грейпф­рут, цитрон) ж. б.