МОСКВА РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОСКВА РАЙОНУ - Чүй обл-нун батыш бөлү­гүндөгү администрациялык-аймактык бирдик. 1965-ж. уюшулган. 1965-90-ж. респ-га тикелей баш ийип турган.

Түндүгүнөн Казакстан Респ., түштүгүнөн Кыр­гыз Ала-Тоосунун кыры аркылуу Суусамыр өрөөнү, батышынан Жайыл, чыгышынан Соку­лук р-ндору менен чектешип, ичке тилке түрүндө түндүктөн түштүктү карай созулуп жатат. Аян­ты 1,5 миң кмг. Калкы 86,1 миң (2012). Борбо­ру - Беловодский кыш. (21,3 миң).

Район Чуй өрөөнунун Кыргызстанга тиешелүү бөлү­гүнүн батыш жагында жайгашкан. Түндүк бөлүгү Чуй д-нын жээгинен (бийикт. 596 м) башталып, туштүктө Кыргыз Ала-Тоосунун (бийикт. 3000 м) кырынан бүтөт. Жеринин жарымын Кыргыз Ала-Тоосу жана анын адырлары ээлейт. Түндүк та­рабы түзөң. Кен байлыктарынан курулуш ма­териалдары, минералдуу суулары [Ак-Суу (Жар­Таш) минералдуу суусу] бар. Климаты конти­ненттик. Январдын орт. температурасы -5°...-9°С, июлдуку 20-25°С. Жылдык жаан-чачыны 500 мм. Топурагы өсүмдүктөрү бийиктик алкак- ТУУЛУК боюнча өзгөрөт.

Аймагынан Ак-Суу суусу агып өтөт. Ала­бында жалпы аянты 4,21 км2' ге жеткен 77 майда көл бар. Түзөң бөлүгү жана тоо этегин­деги адырлары боз топурактуу келип, талаа өсүмдүктөру (шыбак, эрмен, ыраң ж. б.) өсөт. Тоо этектерин­деги адырлар­дан баштап, 1500 м бийик­тикке чейин шалбаа, андан жогору альп жана субальп өсүмдүктөрү, тоо чокуларын­да кар, мөңгү жатат. Тоо кап­талдарынын тескейинде сей­рек арча өсөт.

<thead></thead><tbody></tbody>

1.

Т өлөк

7.

Сретенка

2.

Беш-Терек

8.

Садовый

з.

Целинный

9.

Александровка

4.

Чапаев атындагы

10.

Петровка

5.

Биринчи Май

11.

Беловодский

6.

Предтеченка

12.

Ак-Суу

Райондун ай­магында облус­тун калкынын 10,4% и жа­шайт. Анын 50,4% и - эркек­тер, 49,6%и­аялдар. Калк­тын дээрлик бардыгы - элет­тиктер. Кыргыз

(жалпы калктын 33,6%ин түзөт), орус (33,1%), дуңган (16,1%), украин (6,1%), өзбек (2,1%), казак (1,3%) ж. б. улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 54 киши (облуста 38) туура келет. Райондун жалпы калкынын 32,6% и - 16 жашка чейин­килер, 12,8% и - эмгек жашынан өткөндөр, 54,6%и - эмгек жашындагылар. Эмгек жашын­дагылардын 68,8%и (31,3 миңи) райондун эко­номикасынын реалдык жана социалдык сектор­лорунда, а. ч-да (61,7%), ө. ж. ишканаларын­да (9,3%), соодада (5,4%), билим берүүдө (5,8%), саламаттык сактоодо (3,8%), транспорт жана байланышта (3,2%) ж. б. тармактарда иштейт. Райондо 12 айыл өкмөтү, 28 кыштак бар. Ра­йондун а. ч. жана ө. ж. Чүй обл-нун экономи­касында маанилүү орунду ээлейт. А. ч-нын не­гизги тармагы - дыйканчылык. А. ч-га жарак­туу жери - 104,7 миң га, анын 59,1 миңи - ай­доо, 1,2 миңи - чабынды, 43,4 миңи - жайыт. Айдоо аянтында дан эгин, кант кызылчасы (урук үчүн дагы), жашылча, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. 1,0 миң га жерди мөмө-жемиш бак­тары, 2,3 миң ганы токой ээлейт. Район боюнча 2,5 миң га жер дыйкан чарбаларына, а. ч. кичи ишканаларына, кооперацияга берилген. Район­дун ө. ж. тармагында кант, минералдуу суу, пиво, нан, май-быштак, крахмал-патока ж. б. продукцияларды чыгарган ишканалар иштейт. Алардан башка дээрлик бардык айылдарда ун тартуучу чакан тегирмендер жана май жуаздар бар.

Райондун аймагынан Чалдыбар - Бишкек - Балыкчы темир жана автомобиль жолдору өтүп, ал региондун экономикасынын өнүгүшүндө, ай­рыкча транспорт тармагында зор мааниге ээ.

Райондо 25 орто, 2 атайын балдар мектеби, 4 кесиптик-техникалык окуу жайы, 21 китепкана, 29 клуб жана маданият үйлөрү, 11 оорукана, 11 медпункт, 4 амбулатория жана бир нече дарыкана бар. Район­дук «Айыл жарчысы» («Сельская новь») аттуу гезит кыргыз жана орус тилдеринде чыгат. Район­до 50дөн ашык (анын ичинде 9 археол., 18 тарых, 22 искусство жана архитектуралык) эстелик бар.