МОНРЕАЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНРЕАЛЬ - Канаданын чыгышындагы шаар. Квебек провинциясында. Ыйык Лаврентий д-нын боюнда, Мон-Руаяль жашыл дөңсөөсүндө жайгашкан. Калкы 3,4 миллион (2010). Чоңдугу боюнча Канададагы 2-шаар. Эки эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Негизинен дан эгин­дерди сыртка чыгаруучу ири деңиз порту (жы­лына 24 миллион гжүк ташылат). Өлкөнүн ири ө. ж. жана соода-финансы борбору. Канадада иштелип

Шаардын көрүнүшү.

чыгарылган ө. ж. продукциясынын '/Зине жа­кынын берет. Машинакуруу (локомотив, само­лёт), химиялык, нефть ажыратуу, тамак-аш, тек­стиль жана түстүү металлургия ө. ж. ишканала­ры иштейт. Үч университет, асем-искусство музейи, Рамзе ак сарайы (1705-24), Бонсекур чиркөөсү (17- 18-к.), семинария (17-к.), соода жана маданий бор­борлор (1960) сакталган. 1642-ж. индейлердин Хочелага тургун жайынын ордуна негизделген. 1967-ж. Бүткүл дүйнөлүк «Экспо-67» көргөзмөсү жана 1976-ж. жайында XXI олимпиялык оюн­дар өткөрүлгөн.