МОЛИБДЁН КЕНТАШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЛИБДЁН КЕНТАШЫ - курамында молиб­ден металлы бар минералдардын табигый чогундусу. Негизги минералдары - молибде­нит [MoS2 (Мо-60% )], повеллит [CaMoO4 (Мо- 45%)]. Кенташта кошумча компонент түрүндө жез, вольфрам, күмүш-; бериллий, калай ж. б. минералдар жолугат. М. к. интрузия тоо текте­ри менен тыгыз байланыштуу. Жез-молибдендүү кенташтар - монцониттер, гранит-диориттер, гранит-сиениттер менен, бир эле металлдан тур­гандары - биотит-роговой обманкалуу гранит­тер менен, вольфрам-молибдендүүсү гранит менен бай­ланышкан. Экзогендик шартта пайда болгон М. к. таш көмүр, көмүрлүү чопо, кремнийлүү сланецтер жана катуу нефть битумдарында жо­лугат. Бирок, молибден өтө аз санда болгондук­тан, мындай кендер азырынча казылбайт.

Ад.: Покалов В. Т. Генетические типы и поисковые критерии эндогенных месторождений молибдена. М., 1972.