МОЛДОБАЕВ Совет

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЛДОБАЕВ Совет (10. 12. 1934-ж. т„ азыркы Чүй обл„ Кемин р-ну, Жаңы-Алыш айылы) - химия илимдеринин кандидаты (1964), проф. (2001), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйл. лау­реаты (2000), КРдин билим берүүгө эмг. сиң. ишмери (2003), Билим берүүнүн отличниги (1981), Ж. Баласагын атындагы сыйл. ээси (1998). КМУну (1956), Кыргыз ССР ИАнын Химия ин­тунун аспирантурасын (1959) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын Органикалык эмес жана физикалык химия институтун­да кенже илимий кызматкер (1955-64), КММУда улук окутуучу (1964-65), доцент (1965-2001), кафедра башчысы (1966-79, 1984-94), проф. бо­луп иштеген. 2007-жылдан Табият илимдери­нин экол. билимдерди окутуу боюнча ЮНЕСКО ка­федрасынын башчысы. Анализдик химия боюнча адис. М-дин илимий изилдөөлөрүнүн негизги багы­ты - Кыргызстандагы түстүү чополорду анализдөөгө, амид (аладин, валид ж. б.) кислоталарынын өтмө металлдарды пайда кылуусун аныктоого арнал­ган. 90дон ашык илимий эмг„ анын ичинде 2 окуу китеби, 16 окуу куралы жарык көргөн.

Эмг.: Химические методы разделения и обнару­жения ионов в водных растворах (уч. пособие). Б„ 1993; Изучение влияния спектрохимических буферов на определение микроэлементов в почвах атомно­абсорбционным методом. Б„ 1994; Аналитикалык хи­мия. Б„ 1998; Аналитикалык химия боюнча масе­лелер жыйнагы. Б. 2000.