МОДУЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОДУЛЯЦИЯ (латынча тос1и1а11о - сымбаттуулук, көрктүүлүк, үндөштүк) - жаңы тонго өтүү; 1) классикалык мажор-минор системасындагы тоналдуулуктун алмашуусу. М-ын алмашуу­чулук негизин эки тоналдуулукка бирдей жал­пы добуштар жана үндөштүктөр түзөт. М-ы ишке ашыруу ыкмасы боюнча экиге (энгармониялык жана энгармониялык эмес) бөлүнөт; 2) орто кылым­дагы музыка теориясында М. анын биримдигин жана ырааттуулугун мүнөздөөдө колдонулган.