МОДЕЛДЕШТИРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОДЕЛДЕШТИРҮҮ (итал. modellare - чаптоо) - көркөм сүрөт иск восунда­предметтик дүйнөнүн көлөмдүү-пластикалык жана мейкиндиктеги касиеттерин жарык шандык градациялар же үч өлчөмдүү формалардын (бе­дизчилик, т. а. рельеф) пластикасы менен берүү. М. адатта перспективанын, ал эми живописте жарык шаңы менен тыгыз байланышкан түстүк градациялардын жардамы менен ишке ашырылат (к. Жарык шаңы, Тус). М-үн милдети предметти идеялык-образдык мүнөздөөгө катышуу менен, ал анын маңызын ачып, күчөтүп көрсөтөт, жалпы­лайт. Барельефте перспективанын мүмкүнчүлүк­төрүн пайдалануу менен М-үн каражаттары ар­кылуу бедизчилик, кээде графика менен живописке жакындашат. Бедизчилик тармагында «М.» тер­мини жумшак материалдар (ылай, мом, плас­тилин) менен иштөөдө көп колдонулат.