МУСУЛМАН ЛИГАСЫ
МУСУЛМАН ЛИГАСЫ — Пакистандын саясий партиясы (1972-жылдан Пакистан М. л.). Британ Индиясынын мусулман коомдук уюмдарынын жетекчилеринин Дакка ш-ндагы конференциясында (1906) түзүлгөн. Партиянын максаты - англ. бийликтин алдында индиялык мусулмандардын саясий укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо. М. л. Индиянын доминион укугун алышы үчүн бирге күрөшүү жөнүндө 1916-ж. Индия улуттук конгресси менен макулдашкан. 1940-ж. көз карандысыз мусулман мамлекетин куруу талабын коюп, Пакистан мамлекети үчүн күрөшкө жетекчилик кылган. Ал мамлекет түзүлгөндө (1947) М. л-нын жетекчилери бир аз жылдары борбордо да, жер-жерлерде да бийлик башында турган, бирок 1954-56-ж. бийликтен ажыраган, анткени М. л-нын жетекчилиги Батыш Пакистан помещиктеринин кызыкчылыктарын коргогон. 1958-жылдын октябрь айынан 1962-жылдын июнь айына чейин өлкөдө согуштук абал киргизилип, М. л-на, башка саясий партияларга тыюу салынган. 1962-ж. сентябрь-октябрь айларында партия өкмөттү жактаган (1963-69-ж. Пакистан президенти
Айюб хан, кийин Ф. К. Чоудхури жетектеген) жана оппозициядагы (1968-ж. экиге бөлүнүп, башында М. М. Даултан менен А. Каюм хандар турган) эки фракцияга ажырап, өлкөдөгү саясий кризис убагында (-1969) М. л-нын позициясы начарлаган. М. л. көз карандысыз Бангладештин түзүлүшүнө каршы чыгып, 1971-ж. декабрда Бангладеш Эл Респ-нда анын иштешине тыюу салынган. Өкмөттү жактагандардын жетекчиси А. Каюм хан 1972-ж. 3. А. Вхуттонун жарандык өкмөтүнө кирген. Ошол жылы октябрда Ф. К. Чоудхури жана М. М. Даултан жетектеген фракциялар биригип кеткен.