МОНОГАМИЯ (социология)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНОГАМИЯ, бир никелүүлүк (моно... жана ...гамия) - үй-бүлөнүн жана никенин тары­хый формасы; бир эркек менен бир аялдын турук­туу никеси. Алгачкы коомдук түзүлүштүн ыды­роо кезинде жуп нике негизинде пайда болуп, кийин никенин туруктуу формасына айланган, к. Нике, Үй-бүлө.