МОНАЦИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНАЦИТ (грекче monazein - жалгыз жашайм) - церий тобундагы сейрек жер элементтеринин минералы. Химиялык формуласы (Се Ьа, Ү, Тп) [РО4]. Моноклин сингониясында кристаллдашат. Өңү­түсү киргилт сары, күрөң, кызгылтым, көгүш сымал. Айнекке окшоп жылтырайт. Катуулугу 5-5,5. Пегматит, гранит жана сланецтердеги гид­ротермдүү карбонат тарамчаларында кездешет. Дарыялардын жайылмасында, деңиз жээктерин­де кен чачындыларын пайда кылат.