МИШКОЛЬЦ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИШКОЛЬЦ - Венгриядагы Будапешттен ки­йинки ө. ж. өнүккөн 2-шаар. Өлкөнун түндүк-чы­гышында жайгашкан. Боршод-Абауй-Земплен медьесинин (адм-айм. бирдик) администрациялык борбору. Калкы 173,6 миң (2010). Оор машина куруу, ме­талл иштетүү, тамак-аш, кийим тигүү, текстиль ө. ж. ишканалары иштейт. Институт, музей, ки­тепкана, театр, илим-изилдөө борборлору бар. 13-16- к-дагы архитектуралык эстеликтер сакталган. Шаар­дын аймагынан көмүр казылып алынат. Баль­неол. курорт иштейт.