МАНСИЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:40, 23 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНСИЛЕР, вогулдар - Россия Федерациясындагы эл, Тю­мень облусундагы Ханты-Манси автономия окру­гунун жергиликтүү калкы. Обь дарыясынын сол жээгин (ай­рыкча Конда, Түндүк Сосьва өзөндөрүнүн куйма­сын, Берёзов шаарынын аймагын) мекендейт. Ай­рымдары Свердлов облусунда (түндүк-чыгышында) да жашайт. Саны 11,4 миң киши, анын ичинде 9,9 миңи Ханты-Манси автономиялуу округунда (2003). Манси жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - православдар. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын 2-жарымында Батыш Сибирь жана Түндүк Казакстан талааларынан жер ооп келген­дер биздин замандын 1-мин жылдыгында Прикамья, При­уралья жана Түштүк Зауральянын жергиликтүү жана угор уруулары менен аралашуусу мансилердин этностук не­гизин түзсө керек.

Салттуу кийимчен мансилер.

Ошондой эле биздин замандын 2-миң жылдыгы­нын 1-жарымы - 1-миң жылдыкта мансилердин түпкү теги комилер жана Уралдын чыгышындагы орус­тар менен тыгыз карым-катнашта болгон. Негиз­ги кесиби - аңчылык, балыкчылык, бугу асы­роо. Аялдары - көйнөк, кенен тигилген сатин же нооту чапан, бугу терисинен жасалган тон, башына жоолук салынып, кооздуктарды кол­донушат. Эркектер - көйнөк, ыштан, нооту же бугу терисинен капюшону менен туюк тигилген кийим кийишкен. Улуттук тамак-ашы, негизи­нен балык, сүрсүгөн эт, жер-жемиш. XX кылымдын 20-30-жылдарынан кийин эл чарбасынын баш­ка тармактары өнүккөн. Калктын 45% и шаар­да жашап, өнөр жайда иштейт. Интеллигенция ка­лыптанган. Түндүгүндө жана чыгышында мансилердин салттуу маданияты жана тили сакталып калган.