МАЛАЙЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:58, 23 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (→‎Маданияты.) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛАЙЗИЯ (Ма1аув1а), Малайзия Феде­р а ц и я с ы (РегзекиШап Тапак Ма1аув1а, англ. ЕейегаПоп 01 Ма1ауз1а) - Түштүк-Чыгыш Азияда­гы мамлекет. Түштүк Кытай деңизи экиге (ба­тыш жана чыгыш) бөлөт. Батыш М. Малакка жарым аралынын түштүк жээгинде орун алып, ага жээк тилкесинде жайгашкан аралдар (Пинанг, Лан­кави, Сирибуат ж. б.) кирет. Ал түндүгүнөн Тай­ланд, түштүк-чыгышынан Индонезия, түндүгүнөн Бруней менен чектешип, чыгышынан Тынч океан­дын деңиздери Сулу, Сулавеси менен чулганат. Түштүк-батышынан Малакка кысыгы аркылуу ин-

донезиялык Суматра а-нан, түштүгүнөн кууш Жохор кысыгы (дамба курулган) менен Сингапур а-нан бөлүнүп турат. Чыгыш М. Калимантан а-нын түндүк-батыш жагын жана майда аралдарды (Лабуан, Банги, Баламбанган ж. б.) ээлейт. Аян­ты 329,8 (ички акваториясыз 328,6) миң км2. Калкы 29,3 миллион (2011). Борбору - Куала-Лум­пур (улуттук жана мыйзам чыгаруу борбор, пар­ламент жана монархтын резиденциясы). М-нын аткаруучу жана сот органдары атайын курулган администрациялык борбору Путражаяга (Куала-Лумпурдун шаар айланасы) көчүрүлгөн. Администрациялык-аймактык жактан 13 штатка (7 султандык, 2 княздык, 4 губерна­торлук) жана 3 федерация аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги - малайзия ринггити.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)

Администрациялык бирдик

Аянты, кж2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Штаттар

Султандыктары:

Жохор

18986

3149,2

Жохор-Бару

Кедах

9426

1873,5

Алор-Сетар

Келантан

14943

1423,8

Кота-Бару

Паханг

35965

1462,4

Куантан

Перак

21005

2173

Ипох

Селангор

7910

6407,7

Шах-Алам

Тренгану

12955

1016,6

Куала-Тренгану

Княздыктары:

Негери-Сембилан

6643

989,7

Серембан

Перлис

795

215,5

Кангар

Губернаторлук-

тары:

Малакка

1650

709,4

Малакка

Пинанг

1046

1400,1

Жоржтаун

Сабах

73620

3463,1

Кота-Кинабалу

Саравак

124449

2446,5

Кучинг

Федерация

аймактары

Куала-Лумпур

243

1469

Куала-Лумпур

Лабуан

92

93,9

Бандар-Лабуан

Путражая

46

50

Путражая

М. - БУУнун (1957), Ынтымакташтыктын (1957), ЭВФтин (1957), Эл аралык реконструк­циялоо жана өнүктүрүү банкынын (1957), Түштүк- Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1967), Ислам конференциясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнө­лүк соода уюмунун (1989), Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын мүчөсү (1995).

Мамлекеттик түзүлүшү.

М. - федерациялык мамлекет. Конституциясы 1957-жылы (1963-жылы то­луктоолор киргизилген) кабыл алынган. Баш­каруу формасы - конституциялык монархия. Мамлекет башчысы - монарх. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу (Өкүлдөр палатасы жана Сенат) парламент. Ат­каруу бийлигин премьер-министр башында тур­ган министрлер кабинети ишке ашырат. М-да көп партиялуу саясий система орун алган. Баш­каруучу саясий партиялары: Улуттук фронт, Ис­лам партиясы, Демокр. кыймылдар партиясы ж. б.

Табияты.

М-нын табиятынын жана рельефи­нин өзгөчөлүгү көп учурда анын обочолонгон эки аймакта жайгашкандыгы менен түшүндүрүлөт. Ал экватордук алкакта жатат. Малакка жарым аралынын көбүн дөңсөөлөр, жапыз жана бөксө тоолор (би­йикт. 1000-2000 м; эң бийик жери Тахан тоо­сунда, 2190 м). Көпчүлүк бөлүгү саздак келип, мангр өсүмдүктөрү өсөт. Калимантан а-нын жээ­ги булуң-буйткалуу, ички бөлүктөрү тоолуу (эң бийик жери 4101 м). Айрыкча түндүк-чыгышы (түштүктөн түндүктү көздөй жайгашкан булуң­дарда: Дату, Бруней, Маруду, Лабук, Дарвел, Тавау ж. б.) шуру (коралл) рифтери менен кур­чалган. Малакка жарым аралынын жээгинде туурасы 15-80 кмге жеткен жана көпчүлүк бөлүгү саздуу аллювий-деңиздик жана дельта түздүктөрү орун алган. Калимантан а-нын жээк тилкесинин туу­расы 60 клгге жеткен аллювий-деңиздик түздүк­төр менен курчалган. Аралдын борбордук бөлүгүндөгү түздүктөр дарыя өрөөндөрү менен тилмеленип, дөң­сөөлөр (орт. бийиктиги 300 м) менен алмашат. Ин­донезия менен болгон чек арасында субкендик (Ка­пуас-Хулу тоо кыркасы) жана субмеридиан ба­гытында жаткан бийиктиги 2000-2400 мге жет­кен тоо кыркалары орун алган. Эң бийик жери - Кинабалу чокусу (бийиктиги 4101 м). Жарым арал­дын тоолуу борбордук жана-* түндүк бөлүктөрүндө жана Калимантан айылындагы тоолордо (Саравак штаты) дүйнөдөгү эң чоң (Саравак) карст үңкүрлөрү орун алган. М-да калай (дүйнөдө 3-орун), жез, темир, боксит, нефть жана табигый газ (Түштүк Кытай де­ңизиниң шельфинде), таш көмүр, алтын, мар­ганец, вольфрам, сейрек кездешүүчү элементтер ж. б. кендер бар. Климаты түндүгүндө субэква­тордук муссондук, көпчүлүк бөлүгүндө экватор­дук нымдуу. Абанын орт. айлык температурасы жыл бою аз гана өлчөмдө өзгөрөт. Түздүктөрдө 25- 27°С. Температуранын суткалык өзгөрүүсү бир кый­ла жогору: жээк тилкеде 5-10°С, түздүктөрдө 8- 12°С. Жылдык жаан-чачыны жээк тилкесинде

Кинабалу тоосу.

2000-3000 мм, тоолордо 5000 лгжден жогору.

Жаан-чачын нөшөрлөп жаайт. М-да кыска, би­рок суусу мол дарыялар көп. Нөшөрлөгөн жаан­чачын учурунда дарыя сууларынын көлөмү кес­кин көбөйөт. Ири дарыялары Ражанг (563 км), Барам402 км), Кинабатанган (560 км) ж. б. Айрым дарыяларында кеме жүрөт, бирок алар­дын дельталары саздак. Эң чоң көлү - Алаот­ра. Тоолорунда кооз шаркыратмалар кездешет.

Гунунг-Мулу улуттук паркындагы Карст ландшаф­тынын көрүнүшү.

М-да бОтан ашуун суу сактагыч курулган. Күрсүз кызыл ферралиттүү тоо топурагы (бийик пла­тодо) жана күрдүү кара топурак мүнөздүү. Ошондой эле мангр шортоң топурагы да кездешет. Токойлор өлкөнүн аянтынын 63,6%ин ээлейт. Нымдуу экватордук, субтропиктик токойлор ж. б. өсөт. Өсүмдүктөрү - дээрлик эндемиктер. Эң башкы экол. көйгөйлөрүнүн бири токой аянттарынын кескин кыскарып жатканы. Биол. ар түрдүүлүгү боюнча дүйнөдө алдынкы орунда. Флорасынын ку­рамында өсүмдүктөрдүн 15,5 миң түрү (анын ичинде бак­дарактын 2650, орхидеянын 800 түрү; жоголуп кетүү аЛдында турган өсүмдүктүн түрү 680) бел­гилүү. Сүт эмүучүлөрдүн 330 (анын 50сү жоголуп кетүү алдында), канаттуулардын 750 (40), сой­лоочулардын 388 (21), жерде-сууда

жашоочулар­дын 200 (45) түрү кездешет. Балыктар (1500дөн ашык түр) сууда быкылдайт. Коргоого алынган деңиз акваториясынын аянты 499,6 миң га (2007), кургактыкта өлкөнүн аянтынын 5,9%ин түзөт. Малакка жарым аралында Таман-Негара (өлкөдөгү эң мурда уюшулган), Танжунг-Пиай, Тасек-Бера, Калимантан а-нда Бако, Кинабалу (Бутпкул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген) жана Гунунг-Мулу улуттук парктары уюшулган. Суу-саздуу 126,8 миң га жери эл аралык маани­ге ээ, коргоого алынган 6 аймак [ал жерде жа­ныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бараткан түрү - орангутан (Саравак штатында), азия пили (Куала-Гандах; Малакка жарым аралында)] түзүлгөн. Кен байлыктары: калай, жез, алтын, темир ж. б.

Калкы.

Элинин негизин малайлар (66,4%) түзөт. Ошондой эле даяктар оранг-лауттар, аслилер жана кытайлар, явалыктар, сулулар, тайлар жа­шайт. Расмий тили - малай (малайзия) тили (англис тили кеңири таралган; мамлекеттик иш ка­газдары да англис тилинде жүргүзүлөт). Калкы­нын 62,4%и мусулман, калгандары буддизм

Куала-Лумпурдагы Петронас кенсе бор­борунун мунарала­ры.

(19,2%), христиан (9,1%), индуизм (6,3%), кон­фуцийлик жана даосизм (3%) диндерин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2ге 87,4 киши (2009). Кал­кынын жашынын орт. узактыгы эркектерини­ки - 70,6 жаш, аялдарыныкы - 76,2. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 адамга 22,2), өлүм-жи­тим ЮООге 5,0 (жаш балдардын өлүмү ЮООге 6,3). Шаар калкы 70% (2008). Ири шаарлары: Куала-Лумпур, Субанг-Жая, Келанг ж. б.

Тарыхы.

М. аймагында адам алгачкы палео­лит доорунда эле жашаган. Эң эзелки калкы - негр-австралоид уруулары. Азыркы малайлар­дын ата-бабалары М-га биздин заманга чейинки 1-к-дын башын­да Борбордук Суматрадан келген. Биздин заманга чейинки 5-6-к-да Индия, Кытай жана Фунань менен байланышкан суу каттам жол түйүндөрүндөгү порт шаарчалар­дан алгачкы феодалдык мамлекет пайда бол­гон. 15-16-к-да М. аймагы Малакка султанды­гына баш ийген. 1511-жылы М-ны португалдар, 1641-жылы нидерланддар басып алган. М-нын ба­тыш аймагында (Малайяда) бир нече султан­дык болгон. Алардын күчтүүсү Жохор 1756-58, 1983-87-ж-дагы согуштардан кийин голланддар­га баш ийген. 18-к-дын аягында М-ны англ. ко­лониячылар басып ала баштаган. 1888-жылы Сар-

Малай элдеринин япон армиясына каршы согушу учурундагы жоокерлери.

вак менен Сабах Британия протекторатын орнот­кон. 19-к-да өзүнүн Малайядагы ээликтеринен Британия Малайя колониясын (Малайзия мам­лекеттеринин федерациясы, ММФ) түзгөн. 19- к-дын аягында М-дагы чет элдик капиталдын 70% и англичандарга тиешелүү болуп, каучук иштетүүчү, коргошун эритүүчү ишканалар, т. ж. куруучу, камсыздандыруу жана транспорт ком­паниялары, медициналык мекемелер, мектептер ачылган. Жергиликтүү эл англ. колониячыларга каршы нечен жолу көтөрүлгөн. 1930-жылы Малая компартиясы (МКП) түзүлүп, алар 1934-жылы Малайяда жалпы иш таштоо уюштурган. 2-дүйн. согуш учурунда М. аймагын япон аскерлери оккупациялаган (1942). Малай элдеринин япондук баскынчы­ларга каршы армиясы уюшулуп (1943), курал­ДУУ күрөшкө чыгышкан. Япония багынгандан кийин (1945-жылы 2-сентябрь) М. аймагына кай­тып келген британдык аскерлер (250 миң) Син­гапурдан Малайяны бөлүп, 1946-жылы 1-июнда бри­тан колониясынын статусундагы Малай Союзун (1948-жылдан Малай Федерациясы, МФ) түзүп, Саравак менен Сабахты Улуу Британия колония­ларынын карамагына берген. Жаңы түзүлгөн ко­лония элдик нааразычылыктарды туудурган. 1948-жылы МФтеги улуттук-бошт. кыймыл күч менен басылып, МКП ж. б. бир катар демокр. уюм­дарга тыюу салынган. Бирок азатчыл күрөш ток­тобой, 1949-жылы февралда Малай элдеринин бош­тондук армиясы түзүлгөн. МФтин Мыйзам чы­гаруу кеңешине шайлоодо (1955) Альянс жеңип, Абдул Рахман башында турган өкмөт түзүлүп, 1957-жылы 31-августта МФнин көз карандысызды­гы жарыяланган. Бирок МФ аймагында жана Сингапурда Улуу Британия, Австралия жана Жаңы Зеландиянын куралдуу күчтөрү жайгаш­тырылган. Британ өкмөтү менен узак сүйлөшүү­лөрдөн кийин 1963-жылы 16-сентябрда Малай Фе­дерациясы (Сингапур, Саравака, Сабаха, Бру­ней) түзулүп, ислам расмий дин катары тааныл­ган. 1960-жылдардын 2-жарымынан М. өкмөтү блокторго кошулбоо жана тынчтыкта жанаша жашоо саясатын жүргүзүүгө өтүп, премьер-ми­нистр (1970-жылы сентябрдан) Абдул Разак Түштүк- Чыгыш Азияны бейтараптоо планын көтөргөн. 1981-жылы июлда МФке Махаткир Мохамеддин пре­мьер-министрликке келиши менен өкмөт экономикалык мо­дернизациялоо багытында экспорттолчу товар­ларды чыгаруу жана кайра иштетүү ишканала­рын күчөтүп, инфраструктураны жаңыртууга багыт алган. М. дүйнөдө каучук, коргошун, пальма майын экспорттоо боюнча алдынкы орун­дарда. М. жогорку технол. сапаттагы тири­чиликте кеңири колдонулуучу техникаларды (радио, электроника, компьютер ж. б.) чыгаруу боюнча маанилүү борборго айланган. 1997-98-жылы Азиядагы финансы кризисинде М. ЭВФтин жана батыш фондуларынын жардамынан баш тартып, Түштүк-Чыгыш Азияда региондук экономикалык интегра­цияны күчөтүү идеясын активдүү колдогон. М. дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен дипломатиялык жана соо­да мамилелери бар. 2009-жылдан премьер-ми­нистри - Нажиб Тун Абдул Разак.

Экономикасы.

М. - заманбап индустриялуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Социалдык өнүгүү деңгээли өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында өтө жогору. ИДПнин көлөмү 461,4 миллиард АКШ долларын (2010) түзүп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында 14- жана Түштүк-Чыгыш Азияда 3-орунда. Аны киши башына бөлүштүргөндө 14,7 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 56, ө. ж-дыкы 37, а. ч-ныкы (токой жана балык чарбасы менен бирге) 7. Өлкөгө түз келген чет өлкөлүк инвестиция­нын көлөмү 8,4 миллиард доллар. Ири инвесторло­ру: Япония, Сингапур, АКШ, Германия, Фран-

Түштүк Кытай деңизиндеги шельфте нефть өндүрүү.

ция, Австралия, Тайвань провинциясы (Кытай). Улуттук ири мамлекеттик компаниялары: «РеЪгопав» («РеЪгоИат Мазгопа! Вегйай»; өлкөнүн ири нефть-газ корпорациясы), «Тепа§а Мавгопа!» (электр энергетика), «РегизаЪап СНотоЪИ Ма­З1опа1» («РгоСоп») жана «Регобиа» (автомобиль чогултат) ж. б. 2008-жылы 120,5 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 95% и ЖЭСке туу­ра келет. Электроника, электр-техникалык, машина

Сабах штатындагы май пальма плантациясы.

КУРУУ (жарым өткөргүчтөр, интегралдык мик­росхемалар, тиричилик кондиционерлери; дүйнөдөгү эң алдынкы өндүрүш), жыгач иштетүү, түстүү металлургия (негизинен калай эритилет; жылына 35 миң т, дүйнөдөгү эң ири завод), химия (табигый каучукту өндүрүү боюнча дүйнөдө 3-орун­да, Тайланд менен Индонезиядан кийин; жы­лына 1,27 миллион т), нефть-химиялык (полипропилен, этилен, пропилен, параксилен, бензол ж. б.), фармацевтика (негизинен витаминдер), парфю­мерия-косметика (пальма, кокос, арек майла­ры колдонулат), жыгаччылык, тамак-аш ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Куала-Лумпурдун шаар агломерациясынын түштүк бөлүгүндө Түш,- Чыгыш Азиядагы эң ири технополис (администрациялык бор­бору - Сайбержая; «мультмедиа супер-коридо­ру» же «малайзия силикон өрөөнү») өнүгүүдө. Автомобиль өндүрүшү жылына 442 миң даана машина (Түштүк-Чыгыш Азияда Тайланддан ки­йин 2-орунда) чогултат. А. ч. техникаларын (трактор, шалы жыйноочу комбайн ж. б.) чы­гаруу жана кеме куруу өнүккөн. Кеме оңдолот. Нефть (34,2 миллион т, 2007) жана газ (1,7 миллион т) казып алуу боюнча Түштүк-Чыгыш Азияда 2-орунда (Индонезиядан кийин). Өлкөнүн ички керек­төөлөрүн толугу менен канааттандырат. Негизги азыктары - күрүч, кассава, жер жаңгак ж. б. Эчки, кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куш­тары багылат. Балык уулоо өнүккөн. Деңиз продуктулары даярдалат. Автомобиль жолу­нун узундугу 98,7 миң км (2008), т. ж-нуку 1890 км. Дарыяларында, деңизде кеме жүрөт. Ири порт­тору: Келанг, Танжунг-Пелепас, Пасир-Гуданг ж. б. Сыртка нефть, каучук, өсүмдүк майын, калай, тропик жыгачтарын, автомобиль, бут кийим, кездеме, электрондук ө. ж. продукция­сын (транзистор), радиотех. каражаттарды ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Япония, АКШ, Сингапур, Европа Биримдиги өлкөлөрү, Түштүк Корея, Кытай.

Малайэия акчасы - малайзия ринггити.

Маданияты

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 11 жылдык милдеттүү акы­сыз орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим бе­рүүнү камтыйт. Расмий окутулуучу тил - малай тили, ошондой эле кытай жана тамиль тили. 15 жаш­тан жогорку калктын сабаттуулугу 91,9% (2008). Кесиптик коллеждер, мамлекеттик университеттер, илимий мекеме­лер, китепкана, музейлер Куала-Лумпуре шаарында жайгашкан, анын ичинде Малайя университети (1962), Азия искусствосу музейи (1962), Улуттук китепкана (1966), Улуттук музей (1963) жана башкалар бар.

Массалык-маалымат каражат­тары. Малай тилинде «Berita Harian», «Utusan Malaysia», «Utusan Melayu», англис тилинде «Business Times», «The Malay Mail», «The New Straits Times», «The Star», кытай тилинде «Синчжоу жибао» (Sin Chew Jit Poh), «Чжунго бао» (China Press) ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радио уктуруусу 1964-жылдан, теле­көрсөтүүсү 1963-жылдан, Улуттук маалымат агенттиги 1967-жылдан иштейт.

А д а б и я т ы

Алгачкы жазма эстеликтери XVII кылымга таандык. Малайзия жаңы адабиятына Абдуллах бин Абдулкадир Мунши негиз салган. 1965-жылы Куа­ла-Лумпур шаарында Тил жана адабият коому, 1958-жылы жазуучулардын улуттук союзу түзүлгөн. XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында малайя тилиндеги басма сөз исламды жаңылоо кыймылы адабиятка агартуучул көз карашты жайылткан. Буга Саид Шейх бин Ахмад аль-Хадинин Египет тур­мушун баяндаган «Фарида ханум» романы мисал.

Архитектура жана сүрөт ис­кусствосу

Малайзия искусствосунун эң байыркы эстеликтери неолит дооруна таандык. Малака жарым аралында 50гө жакын будда жана инди куру­луштарынын калдыктары сакталып калган (II-VI кылымдар). Эң атактуу архитектуралык эстеликтердин бири - Букит-Бату-Пахат (Кедах, IX-X кылымдар) храм­чандиси. XIV-XV кылымдарда Малайзиянын аймагына исламдын таралышы менен диний архитектуранын жаңы типте­ри - мечиттер, минареттер, мавзолейлер пайда болгон, эң эскилери - Малаккадагы Перингит (1720-жылы чен), Теренгкера (1728), Кампунг-Хулу (1728), Кампунг-Клинг (1748) жана Кампунг-лаут (1730, Келантан штаты) мечиттери.

Куала-Лумпурдун жанындагы индуисттердин ыйык жайы «Бату үңкүрү». XIX кылымдын аягы - XXI кылымдын башы.

М у з ы к а с ы

Малайзиянын полиэтникалык музыкалык маданиятынын негизин салттык музыка түзөт. Көз каранды эместикти алуу менен Малайзияда батыш

ти­биндеги музыкасы өнүгө баштаган.

Т е а т р ы.

Малайзиянын байыркы театрлашкан ритуалдар менен байланышкан салттык театры­нын негизги формасы болуп 4 түрдө жашаган ваянт эсептелет.

К и н о с у

Биринчи малай фильми «Лейли жана Мажнун» (1933, режиссёр Б. С. Раджханс) бо­луп эсептелет. 1937-жылы Ран Ран Шо менен Ранми Шо «Shaw Brothers» киностудиясын Сингапурда негиздешкен.1981-жылы Улуттук кинокорпорация­сы (FINAS) түзүлгөн. 1980-жылдан (ар жыл са­йын, ар кайсы шаарда) Малайзиянын улуттук кино­фестивалы өткөрүлүп турат. 2007-жылдан жыл сайын Куала-Лумпур ЭКФи өткөрүлөт.

Ад.: Колосков Б. Т. Малайзия вчера и сегодня. М., 1984; Малайзия: справочник. М., 1987; Погадаев В.А., Погадаева П. В. Великий актёр Малайзии //Азия и Аф­рика сегодня. 2009. № 4; Тюрин В.А., Цыганов В.А. История Малайзии. XX век. М., 2010; Малайзия// Болыпая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011.