МАРГАЛАҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРГАЛАҢ - 0. Азиядагы байыркы шаарлар­дын бири. Өзбекстандын чыгыш бөлүгүндөгү Фер­гана облусунун курамында. Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Алай кырка тоосунун этегин­де жайгашкан. Калкы 168,5 миң (2010). Жол тоому. Т. ж. түйүнү [Кокон - Маргалаң - Ан­жиян, Маргалаң - Фергана - Кызыл-Кыя (Кыр­гызстан)]. 1994-2004-жылкы археол. казуулар­дын негизинде шаар биздин заманга чейинки 4-3-к-да пайда бол­гон десек болот. Биздин заманга чейинки 2-1-к-да Улуу Жибек жолу өткөн. Алгач шаар катары 8-к-да араб хро­никасында эскерилет. «М.» деген ат 10-к-дан бел­гилүү. Караханиддердин династиясы башкарып турган мезгилде Фергана өрөөнүндөгү башкы шаар, маанилүү соода жана көл өнөрчүлүк борбо­ру болгон (10-к-дын аягы - 1212-жылы чен). Кийин­черээк «жибек шаары» деп даңталган. Шаар жөнүндө Бабур «Бабур-наме» деген чыгармасында кеңири баяндап жазган. 16-к-дын 2-жарымы­нан 1710-жылдан Бухара хандыгынын, 1710- 1876-жылы Кокон хандыгынын курамында. О. кы­лымга таандык Урдташ чебинин калдыгы сак­талган. Архитектуралык эстеликтери: Кожо-Магиз­дин кумпалуу мавзолейи (18-к-дын 1-жары­мы), Пир-Сиддик комплекси (18-к-дын ортосу), мечит-айван, минарет, Торон-Мазар мечити (19- к-дын аягы), Саид Акмат Кожо медресеси (19- к-дын аягы; учурда улуттук кол өнөрчүлүктүн борбору), мечиттер. Илимпоз, ислам дин уку­гун түптөөчүлөрдүн бири Бурхануддин Марги­нанинин (ушул шаарда туулган) мемориал ком­плекси (2000), акын Увайсинин үй-музейи уюш­турулган. Өзбек накта була ИИИ (1937-жылы негиз­делген), тарых музейи (1964,мурдагы Ю. Ахун­бабаевдин мемориал музейи) бар. О. Азиядагы жибек жана андан буюм жасоонун ири борбору.

«Үос1£ог11к» фабрикасы (салттуу кол менен токуу сак­талган), мурдагы жибек комбинатынын база­сында бир нече ишкана (анын ичинде хан атлас), механикалык завод, тамак-аш, курулуш материалдар өндүрүшү, жибек комбинаты, «Атлас» фирмасы (улуттук колорит чагылдырылган накта жибек кездеме­лер өндүрүлөт) ж. б. ишканалар иштейт. Кол менен токуу өнөрүнүн, сайма саюунун, жыгачты жана карапаны кооздонун салттуу борбору. Фер­гана облусунун (1925-27, 1938-жылдан), Кокон ок­ругунун (1927-30), Өзбек ССРинин (1930-91), 1991-жылдан Өзбек Респ-нын курамында.