МАҢКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:36, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАҢКА (МаПеив), с а п - сыңар туяктуу мал­дын (жылкы, эшек ж. б.) жугуштуу ылаңы. 1882-жылы немис окумуштуусу Леффлер М-нын коз­гогучун бөлүп алган. М-да териде, былжыр чел­де жана ички органдарда жара пайда болот. Ылаң козгогуч таякча түрүндөгү микроб - Вас1. шаПех. Ал дезинфекциялоочу заттарда (мисалы, формалин­дин 3%түү эритмесинде) 1 стын ичинде, ысык күндө 24 ста, 80°С температурада 5 минди өлөт. Ылаң­дын жашыруун (букма) мезгили 2-4 жума. Ка­туу кармаган жана өнөкөт түрү бар. М. соо малга ылаңдаган малдын оозу-мурдунан жана сырткы жарадан бөлүнүп чыккан суюктуктар менен бул­ганган жем-чөптү жегенде жугат. КМШ өлкө­лөрүндө М. ылаңы жок кылынган. Бирок коң­шу чет өлкөлөрдө (Кытай, Афганстан ж. б.) кезигет.