МИКЕНАС Юозас

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:48, 25 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКЕНАС Юозас [30. 1 (12. 2). 1901, Ковен гу­берниясы (азыркы Даугавпилс району), Скардупис хутору - 24. 10. 1964, Вильнюс] - советтик скульп­тор, Литва советтик скульптурасынын негиздөөчүсү.

МИКЕНАС Юозас

Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун эл сүрөтчүсү (1961), СССР Сүрөт Академиясы­нын корреспондент мүчөсү (1954). Кау­нас көркөм мектебинде (1922-1931) чеберчилигин өр­күндөткөн. Чыгармачылыгын фор­малисттик агымдардын таа­сиринде баштаган. Негизги чыгармалары: Нью-Йоркто­гу бүткүл дүйнөлүк көр­гөзмөнүн Литва павильону үчүн «Литва» статуясы (гипс, 1939), Кёнигсбергди штурмдоодо курман болгон советтик аскерлерге арналган «Жеңиш» скульптура тобу (коло, 1946, Калининград; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1947), «Пианиночу кыз» (коло, 1958, Третьяков галереясы), «Алгачкы чабалекейлер» (гипс, 1964) жана башкалар. Литва ССР мамлекеттик сыйлыгынын (1966) лауреаты. Ленин ордени менен сыйланган.