МИЛАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИЛАН — Түндүк Италиядагы шаар. Падан түздүгүндө жайгашкан. Милан провинциясынын жана Ломбардия облусу администрациялык борбору. Өлкөнүн маанилүү экономикалык жана маданий очогу. Калкы 1,35 миллион (2012; агломерациясы менен 3,7 миллион). Альп тоолору аркылуу өткөн ашууга кетүүчү жолдо­гу темир жана автомобиль жолдор тоому. Кеме жүрүүчү канал аркылуу По д. менен туташат. Эл

Кастелло Сфорцеско сепили. 1450.

аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Машина куруу (анын ичинде автомобиль, станок, электр-техникалык), металлургия, нефть ажыратуу, химиялык, жеңил, тамак-аш жана полиграфиялык ө. ж. иш­каналары өнүккөн. Географиялык журналдар, карта жана атластар да чыгарылат. М-да Италиянын ири компанияларынын башкармалыктары, бир­жа жана банктары жайгашкан. Асем искусство, Илим жана адабият академиялары, университет.тер, «Ла Ска­ла» (дүйнөлүк опера маданиятынын ири очогу), «Пикколо-театро» опера театры, Врера пинако­текасы жана Амброзиана галереясы ж. б. музей­лер бар. Шаар биздин заманга чейинки 5-к-дын аягында же 4- к-дын башында инсубрлар тарабынан негиздел­генетикалык Биздин заманга чейинки 3-к-да римдиктер басыпалган. 1395- 1535-жылы герцогдуктун (мезгил-мезгили менен), 1815- 59-ж. Ломбардино-Венеция королдугунун бор­бору. Сант-Амброжо чиркөөсү (9-15-кылым), готика стилиндеги собор (14-19-кылым), Кастелло Сфорцес­ко сепили (учурда музей; 1450), Санта-Мария дел­ле Грацие кечилканасы (15-кылым) сакталган. М-да жыл сайын эл аралык жармаңкелер өткөрүлөт.