МИКЕЛАНЖЕЛО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКЕЛАНЖЕЛО Буонарроти (М1с11е1ап£е1о Впопагой) (6. 3. 1475, Тоскана, Капрезе ш., азыр­кы Капрезе-Микеланжело - 18. 2. 1564, Рим, сөөгү Флоренцияга коюлган) - италян скульп­тору, сүрөтчү, архитектор жана акын. Мененун чыг-лы­гында Жогорку Кайра жа­ралуунун адамды сүйүүгө,

баатырдык пафосуна суга­рылган идеалдары, ошондой эле Соңку Кайра жаралуу доо­рундагы искусствого мүнөздүү дүйнөнү гуманисттик ка­былдоодогу трагизм, песси­мисттик маанай чоң көр­көмдүк күч менен чагылды­рылган. Монументтүүлүк менен пластикалуулук, адам турпатынын сулуулугуна суктануу жана об­раздагы драматизм Мененун алгачкы чыгармачылыгына мүнөздүү касиеттер экени ачык байкалат. М. Римде «Христти жоктоо» (1498-1501, Римдеги ыйык Пётр собору) аттуу статуяны түзүп, жаш келиндин аза күткөн образы аркылуу салттуу готикага жаңы гуманисттик мазмун берген. 1501-жылы М. Флоренцияга келип, Давиддин эң зор статуясын (1501-04; Академия галереясы, Флоренция) жараткан. 1505-жылы папа Юлий II Менену Римге кайра чакырып алган. Бул жерде скульптордун негизги шедеврлеринин бири

бол­гон «Моисей» (1515-16) аттуу статуяны чеккен. Мененун эң ири чыгармасы - Ватикандагы Сикс­тин капелласынын чамгарагындагы сүрөттөр (1508-12). Бул сүрөттөрдүн сюжеттери Библия­дан алынган. Ар бир пайгамбардын сүрөтү, пе­риштелер композициясы боюнча ырааттуу иштелген. Кийин Мененун дүйнө кабылдоосу трагедия­луу мүнөз алып, Флоренциядагы Сан-Лоренцо чиркөөсүнүн Жаңы сакрист ансамбли (1520- 34), Сикстин капелласынын алтардык дубалын­дагы «Тозок оту» фрескасы (1536-41), «Христти жоктоонун» (1550-жылы ч. - 1555) кийинки ва­рианты ж. б. жаралат. «Тозок оту» фрескасы

Микеланжело. «Адамдын жаралышы». Ватиканда­гы Сикстин калелласынын плафонунун фрагменти.Микеланжело. «Да­вид». Мрамор. 1501- 04. Академия гале­реясы. Флоренция.
Picutre 2867

ж. б. чыгармалары кийинчерээк барокко стили­нин өнүгүшүнө шарт түзгөн. Мененун архи­тектордук даанышмандыгы (1523-34) Римдеги Капитолий, ыйык Пётр собору ж. б. архитектуранын өлбөс-өчпөс шедеврлеринен көрүнөт. М. ки­йинчерээк скульптура менен живопистен чет­теп, көбүнчө үй куруучулук ищи менен поэзияга көп кайрылган. Мененун поэзиясы оюнун терең­диги жана бийик трагедиялуулугу менен айырма­ланат.

Ад.: Микеланджело и его время. Сб. ст. М., 1978; Дажина В. Д. Микеланджело. Рисунок в его

твор­честве. М., 1986; Алпатов В. М. Поэзия Микелан­джело//Поэзия Микеланджело. М., 1992.