МЕТИЛ СПИРТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТЙЛ СПИРТИ, метанол, жыгач с п и р т и, СН3ОН - бир атомдуу каныккан спирттердин биринчи мүчөсү. Этил спирти жыттанган түссүз суюктук, кайноо 1 64,5°С, ты­гызд. 0,7924 г/см? (20°С), аба менен 6,72-36,3% (көлөмү боюнча) аралашмасы жарылат. 15,6°Сде от алат. Суу, спирт, бензол, ацетон ж. б. органикалык эрит­кичтер менен бардык катышта аралашат. М. с. бир атомдуу спирттердин касиеттерине ээ. Ө. ж-да көмүртектин оксиди (П) менен суутектен, көмүртектин кош оксиди (IV) менен суутектен жана каныккан углеводороддорду (этан жана про­пан) толук эмес окистендирүүдөн алынат. Сырьё катары табигый жана кокс газдары керектелет. М. с. формальдегидди, карбамид чайырын, ук­сус кислотасын, синтездик каучуктарды, поливи­нил спиртин, түрдүү эфирлерди, антифриздерди, алкилгалогениддерди, тоют белокторун ж. б. өн­дүрүүдө, мотор отуну катары, бензиндин анти­детонациялык касиетин жакшыртууда ж. б-да

колдонулат. М. с. - нерв жана кан тамыр систе­масына, көз, дем алуу органдарына зыяндуу таасир этүүчү уу зат. 5-10 мл М. с-н ичкен адам катуу ууланат, 30 жлден ашык ичсе, өлүмгө дуу­шар болот.