МЕСХЕТИ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕСХЕТИ КЫРКА ТООСУ, Ажар-Имере­т и Кичи Кавказда, Грузиянын аймагында. Кара деңиздин жээгинен Кура д-на чейин 150 кмге созулуп жатат. Эң бийик жери 2850 м (Меписц­каро чокусу). Кыр бөлүгүнө тоо-шалбаа ланд­шафты, тоо капталдарына жазы (бук, граб ж. б.) жана ийне жалбырактуу түнт токой, тоо шалбаа­сы мүнөздүү.