МЕНУЭТ
МЕНУЭТ (фр. menuet - кичине, майда кадам) - француз эл бийи. Пауту аймагында пайда болгон. М. каалгый салтанаттуу аткарылып, жүгүнүү жана тизе бүгүп, таазим кылуу сыяктуу кыймылдардан турат. 17-к-да ак сөөктөрдүн бийине айланып, музыкасы композиторлор тарабынан жазыла баштаган. Ошондуктан М. бара-бара бийсиз аспаптык музыка жанрына айланган. М-тин мындай түрлөрү Бах, Гендель, Гайдн, Моцартп, Бепгховендин чыгармаларында арбын кездешет.