МЕКТЕП ТААНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕКТЕП ТААНУУ — педагогиканын мектеп иштерин башкаруу маселелерин иликтөөчү бөлүгу. М. т-нун мазмунун төмөнкү маселелер түзөт: мектепти башкаруунун негизги принцип­тери; мектептерди администрациялык-педагогикалык жаначарбалык жак­тан жетектөө (жалпыга милдеттүү таалимди уюштуруу); жалпы мектеп типтерин түзүү жана жакшыртуу; мектеп имараттарын курууда педагогикалык талап коюу; мектептерди финансылоо, жаб­дуу; окуу-тарбия ишин башкаруу; мугалим­дерге методикалык жардам уюштуруу, мектеп ишинин статистикасы ж. б. у. с. М. т-да өткөн мезгилдеги белгилүү педагогдордун (мисалы, К. Д. Ушинский, Н. И. Пирогов, Н. А. Корф, М. X. Вессель, Н. Ф. Бунаков, Н. К. Крупская, А. В. Луначарский) илимий эмгектериндеги баалуу ой-пикирлерине, педагогдордун теориялык жактан жалпыланган илимий практикалык иш-аракеттери­не жана мектептик башкаруунун зор тажрыйба­сынатаянат. М. т-да А. С. Макаренконун мурас­тары бөтөнчө мааниге ээ. Кыргызстанда М. т. боюнча илимий изилдөө иштери Кыргыз билим берүү академиясында, педагогикалык ЖОЖдордо жүргүзүлөт. М. т-нун өнүгүшүнө К. Тыныстанов, И. Ибраев, С. Нааматов, А. Каниметов, Э. Бердибаев ж. б. илимпоздор салым кошкон.