МЕДЕЛЬИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:46, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕДЕЛЬИН - Колумбиянын түндүк-батышындагы шаар. Антьокия департаментинин администрациялык борбо­ру. Абурра өрөөнүндө, Борбордук Кордильерада, 1495 м бийиктикте жайгашкан. Шаарды Ме­дельин д. аралап агат. Калкы 2,3 миллион (2010; кал­кынын саны боюнча өлкөдөгү Санта-Фе-де-Богота ш-нан кийинки 2-шаар; агломерациясы менен 3,4 миллион). Панамерика шоссесиндеги маанилүү жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метропо­литен иштейт. Испандар тарабынан 1646-жылы не­гизделген. Шаардын борбордук бөлүгүндө 19-20-к-дын курулуштары басымдуу. Чиркөөлөр, соборлор, ратуша ж. б. бар. Колумбиянын индустриялуу ири борборлорунун бири. Бир нече ири улуттук банктардын, компаниялардын штаб-квартира­лары жайгашкан. Ө. ж-нын алдынкы тармак­тары: жеңил (анын ичинде текстиль, тигүү, булгаары­бут кийим), тамак-аш, курулуш материалдары

жана химиялык Тоо-кен (алтын, күмүш ж. б.), тек­стиль ө. ж-нын жана кофе соодалоонун борбору. М. илим менен билимдин жана маданияттын маанилүү борбору. Университеттер жана алардын кампустары, калк китепканалары, институттар, театрлар, музейлер, планетарий бар. Ботаникалык бак. уюштурулган. Жыл сайын эл аралык фестивалдар, гүлдөр көргөзмөсү жана «Фиеста Брава» карнавалы өткөрүлүп ту­рат. Шаардын четинде алтын, күмүш, таш көмүр казылып алынат.

Шаардын жалпы көрүнүшү.