МЕДАЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕДАЛЬ (латынча metallum - металл) - мамлекеттик же коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир тарыхый саясий окуянын же көрүнүктүү ишмердин ур­матына арналып, ошондой эле эмгектеги каарманды­гы, илим, техникалык, искусство тармагында сиңирген эм­геги ж. б. үчүн сыйлык катары берилчү өзгөчө белги. М. негизинен төшкө тагылат. Столго кою­луучу, дубалга илинүүчү (мемориалдык) М-дар да болот. М-дын бетинде (аверс) рельефтик сү­рөт, ал эми арткы бетинде (реверс) жазуу түшүрүлөт. М. алтын, коло, мрамор ж. б. мате­риалдардан жасалат. Көбүнчө тегерек, сүйрү же көп бурчтуу формада болот. Тик бурчтуу же ага жакын формадагы М. плакатка деп аталат. Көркөм эстелик белги катары М. 14-15-к-да Италияда пайда болгон, сыйлык М-ы 17-к-да Швецияда киргизилген. Кыргызстан эгемендүүлүк­кө ээ болгон соң, алгачкы орден-медалдары 1996-жылы чыгарылган.

Ад.: Володин А. Н. Медали СССР. СПб., 1997; Шиш­ков С. С. Награды СССР (1918-1991). М., 2005. Т. 2: Медали СССР.