МАШИНА-ТРАКТОР АГРЕГАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАШЙНА-ТРАКТОР АГРЕГАТЫ - механика­лаштырылган жумуштарды аткаруу үчүн трак­тордон же кыймылдаткычтан жана ага чиркеш­тирилген а. ч. машинасынан (шайманынан) тур­ган техникалык комплекс. Өзүнүн кыймылдаткычы жана талаада жүрүү, жумушчу органдарын кыймыл­га келтирүү үчүн кыймыл берүүчү механизми бар агрегат өзү жүрмө деп аталат. М.-т. а. жөнөкөй, комплекстуү жана татаал болуп айырмаланат. Жөнөкөй М.-т. а. бир гана операцияны (мисалы, жумшартуу), ар башка машиналардан турган комплекстүү агрегат 2 операцияны (мисалы, жер ай­дайт жана малалайт), татаал агрегат эки же андан көп операцияны аткарат. Аткарган технол. про­цессине карай М.-т. а. айдоочу, жыйноочу, бардык

жумуштарды аткаруучу, химиялык жол менен илдет, зыянкечтерге каршы күрөшүүдө колдонулуучу, үрөн себүүчү, көчөт отургузуучу, катар аралык­ты жумшартуучу, продуктуну алгач иштетүүчү (бастыруучу, үрөн тазалоочу, пресстөөчү); а. ч. продуктусун ташуучу болуп айырмаланат. Трак­тор менен бириктирүү ыкмасына карай чиркелме, асма, жарым асма М.-т. а. болуп бөлүнөт.