МАТУБРАИМОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:13, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТУБРАИМОВ Алмамбет

(25. 8. 1952-жылы туулган, Ош обл., Өзгөн району, Кош-Этер айылы) - коом­дукж-амамл. ишмер. 1973-жылы Ташкент текстиль жанажеңилө. ж. институтун бүтүргөн. 1977-90-ж.

Кыргыз камвол-нооту ком­бинатында мастер, цехтин начальниги, кенаф фабрикасы­нын директору, 1990-91-ж. Фрунзе (азыркы Бишкек) ш-нын Свердлов р-ндук ат­каруу комитетинин төрагасы, 1991-93-ж. КР ө. ж. минис­тринин 1-орун басары, ми­нистри, 1993-95-ж. КРдин 1-вице-премьер-министри, 1993-жылы 13-14-декабрда КР премьер-министрдин милдетин аткаруучу, 2005-жылы 27-апрелден октябрга чейин КР Прези­дентинин Түштүк регион боюнча атайын өкүлү, 2005- 06-ж. КРдин Евразия экономикалык кызматташтыгынын алдындагы туруктуу өкүлү, ошол эле убакта 2006-жылы январдан декабрга чейин ЕврАзЭС жана КМШ чегинде интеграциялык кызматташтык маселеси боюнча КР Президентинин ыйгарым укук­туу өкүлү болуп иштеген. КР Жогорку Кеңеши­нин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты (1995- 2000; анын төрагасы 1995-97; 2006).