МИҢ БАШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢ БАШЫ - көчмөн уруулардын кол башчы­сы. Миң жоокердин башчысы деген маанини бе­рип, негизинен соңку о. кылымдарда Иран, Түр­кия жана Орто Азия хандыктарында жолугат. Ти­мурдун мамлекетинде М. б. бийлик тепкичин­деги төмөнкү баскычтын бирин ээлесе, Кокон хандыгында хандан кийинки орунда турган. Согуш учурунда М. б-га паңсат, жуз башы, элуу башылар баш ийип, кээде алардын саны бир нече миңден ашып кеткен учурлар болгон.