МИКРОНЕЗИЯ (географиялык аймак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКРОНЕЗИЯ (микро... жана грекче nesos - арал) - Океаниядагы майда аралдар тобу. Тынч океан­дын батыш бөлүгүндө, экватордон түндүктө жайгашкан.

М-га Мариана аралдары, Кароли­на аралдары, Маршалл аралдары, Гилберт аралдары, Ошен, Науру, Гуам (эң ири аралы, АКШнын ээлиги) ж. б. аралдар (бардыгы 1500гө жакын) кирет. Аянты 2,6 миң км2. Калкы 250 миңден ашуун. Аралдары негизинен коралл (шуру) атоллдору, калгандары жанартоодон пай­да болгон. Мариана а-нда аракеттеги жанар­тоолор бар. Климаты экватордук,

субэкватор­дук; айлык орт. температурасы 26-28°С; жаан-ча­чын жыл бою туруктуу жаайт; 2000-6000 мм. Каролина а. ченде тропиктик циклондор пайда болуп, катуу шамал коштойт. Дайыма жашыл тропик токою, бадал өсөт. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Тропик дыйканчылыгы өнүккөн. Балык кармалат. Науру, Ошен а-нан фосфат казылып алынат.

Нукуоро атоллу.

Улити атоллу.