МИКРОКЛИМАТ
МИКРОКЛЙМАТ (микро... жана климат) - 1) чакан аймактагы (токой арасындагы ачык талаа же токойдун чети, суунун жээги, шаар аянты ж. б.) жер бетине жакын абанын жергиликтүү климаты. М-ка жер бетинин түзүлүшү, аба ырайынын өзгөчөлүктөрү таасирин тийгизет. А. ч. өсүмдүктөрүн жайгаштырууда, ошондой эле ө. ж. жана жарандык курулуштарды курууда М-ты эске алуу зарыл; 2) жергиликтүү климаттын кандайдыр бир тибинин ичинде метеорол. режимдин айырмачылыгы; 3) сырткы ыңгайсыз чөйрөдөн коргоо жана жайлуу шарт түзүү үчүн жабык жайларда (үйлөрдө) түзүлгөн климат.