БОЦМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:54, 8 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́ЦМАН (голл. bootsman) – кеме экипажынын кенже командалык (АДФте старшиналык) курамындагы кызмат, палуба командасынын түздөн-түз начальниги. Боцман жалпы иштерге жетекчилик кылуу, кеменин тетиктеринин кармалышына матросторду машыктырууга, кемедеги тартипке жана тазалыкка көз салат. Ири аскер кемелеринде башкы Боцман жана бир нече Боцман болот.