МИЕЛОМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИЕЛОМА (грекче myelos - чучук, жүлүн жана ...ома)- лейкоз тобундагы кан ооруларынын бири. Анда сөөк кемигинин мутацияга учура­ган клеткалары ашыкча пайда болуп, натый­жада канда биохим., иммунохим. касиеттери бар белоктор көбөйөт. Сөөк, кан пайда кылуу жана заара бөлүп чыгаруучу системада белок, минерал алмашуу өзгөрөт. Оорулуунун сөөгү өзүнөн өзү сынат. Сөөк бузулгандыктан, канда кальций көбөйүп, ал бөйрөккө, өпкөгө, карын­дын былжыр челине сиңет. Канда иммуногло­булиндер азаят, антителолордун пайда болушу бузулат, натыйжада бактерия инфекциялары көбөйөт. Дарылоодо нур, гормондор, антибио­тиктер, кан куюу колдонулат.