МЕТАБОЛИЗМ (архитектура)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕТАБОЛИЗМ (грекче metabole - алмашуу, өзгөрүү, оошуу) архитектурада жана шаар куру­л у ш у н д а 1960-жылдардан тартып өнүгө баштаган багыт. Шаарлардын кризистен чыгуу максатында М. динамикалык өзгөргүчтүк, бир четинен калкты жайгаштыруу, экинчи жагы­нан архитектуралык ансамблдер жана курулуштар сис­темаларын тыгыз байланыштыруу, узак мөө­нөттүү структуралар менен кыска мөөнөттө

алмаш­тырылууга мүмкүн элементтерди айкалышты­руу принцибин сунуш кылган («сүзүп жүрүүчү шаардын», «мунара-шаардын», «капсуладагы үйдүн» долбоорлору).