МЕСХЕТИ КЫРКА ТООСУ
МЕСХЕТИ КЫРКА ТООСУ, Ажар-Имерет и Кичи Кавказда, Грузиянын аймагында. Кара деңиздин жээгинен Кура д-на чейин 150 кмге созулуп жатат. Эң бийик жери 2850 м (Меписцкаро чокусу). Кыр бөлүгүнө тоо-шалбаа ландшафты, тоо капталдарына жазы (бук, граб ж. б.) жана ийне жалбырактуу түнт токой, тоо шалбаасы мүнөздүү.