МЕСАРОШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕСАРОШ Ласло (18. 9. 1905, Будапешт - 12.

9. 1945) - венгр скульптору. Колдонмо искусство мектебинде үч жыл окуп, Римдеги Венгр институтун бүткөн (1932-34). 1928-жылы Улуттук салондун, 1929-жылы Сүрөтчүлөрдүн жа­ңы коомунун көргөзмөсү­нө катышып, 1930-жылы Бу­дапешт сыйлыгын алган. М-тун каармандары - жу­мушчулар, белгилүү социал­дык мазмундагы конкрет­түүлүк түзгөн. СССРге кел­генге чейинки чыгармалары: «Жаш жумушчу» (1929- жылга жакын, жасалма таш), «Тентиген уул» (1930, коло, Венгр улуттук гал.), «Козголоңчу (Эркин­дик)» (1934-жылга жакын, коло, Венгр улут­тук гал.), «Белгисиз аттын эстелиги» (1935, коло, Хювешвельд казармасы) ж. б. 1935-жылы СССРге, 1936-жылы Кыргызстанга келип, О. Азияда биринчи жо­лу скульптура студиясын уюштурган. Вул жер­де ал скульптор, архитектор жана декоратор ка­тары иштеп, Фрунзе т. ж. вокзалынын долбоо­рун түзүүгө катышкан. Өкмөт үйүнүн жыйын­дар залы үчүн фриз сериясын жасаган. Улуттук типтердин образын берген портреттердин («Жаш кыргыз», 1936-37, «Кыргыз аялы», 1931 - 37 ж. б.) автору, Бишкек шаарында М-тун ысмында көчө бар. 1968-жылы венгр кинорежисёру, М-тун кызы Марта М. «Ласло Месарошту эскерип» аттуу документ фильм тарткан.