МЕРИНОС КОЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕРИНОС КОЮ - текши, ичке, уяң жүндүү кой породасы. Мекени - Алдынкы Азия. Кийин Жер Ортолук деңиз жээгиндеги өлкөлөрдө (Грекия, Италия, Испания) чыгарылып, 18-к-да Батыш Европа, Түндүк Америка жана Австралияга тара­ган. Россияга 19-к-дын аягы - 20-к-дын башын­да башка өлкөлөрдөн алынып келинген. М. к. 3 топко бөлүнөт: 1) жүн багытындагы М. к., 2) жүн-эт багытындагы М. к.; 3) эт-жүн багы­тындагы М. к. Жүн багытындагы М. к-на гроз­ный кою, ставрополь кою, советтик меринос кою, азербайжан тоо меринос кою кирет: жүн-эт ба­гытындагы М. к-на аскания кою, кавказ кою, алтай кою, кыргыз уяң жүндүү кою, забайка­лье кою, түштүк казак мериносу, түштүк урал кою кирет; эт-жүн багытындагы М. к-на прекос кою, казак уяң жүндүү кою, казак аркар мери­носу, дагстан тоо кою, волгоград кою ж. б. ки­рет. М. к-нун жүнүнүн Узундугу 6-8 см. Кочкорунан 8-12, соолугунан 4-6 кг жүн кыркылат. М. к. чала уяң кылчык жүндүү койлордун жүнүн жакшыртуу максатында аргындаштырылат. М. к. - Түндүк Кавказ, Волга бою, Урал, Батыш жана Чыгыш Сибирь, Казакстан, Кыргызстан, Украи­нанын түштүк аймактарында асыралат. Кочкору­нун тируүлөй салмагы 100-130, соолугунуку - 60-70 кг. Ар жүз тубар койдон 120-130 козу алынат.