МЕРИМЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕРИМЕ Проспер (27. 9. 1803, Париж - 23. 9. 1870, Канн) - француз жазуучусу. Француз ака­демиясынын мүчөсү (1844). Сорбонна университетин бүткөн (1823). Туңгуч романтикалык пьеса жыйнагы - «Клара Гасуль театры» (1825). «Жакерия» драмалык хроникасында (1828) жана «Карл 1Хнун бийлигинин хроникасы» (1829) романында Франциянын өткөндөгү тарыхын баяндайт. М. экзотикалуу, фантазиялуу жана реалдуу психол. новеллаларды да жазган. Ал орус маданиятына кызыгып, Анын Ичинде жана И. С. Турге­невдер, С. А. Соболевский менен таанышкан. Го­голь, Тургенев, Пушкин жөнүндөгү макалаларында орус адабиятын пропагандалаган. М-нин чыгарма­ларынын сюжетине пьеса, музыкалык комедия, опе­ралар (Ж. Бизенин «Кармени», 1875) жазылып, фильмдер тартылган.

Ад.: Фретъе Ж. П. Мериме. М., 1987.