МЕЛҮҮН КЛИМАТ
МЕЛҮҮН КЛЙМАТ - мелуун алкактарга мүнөздүү климат. Жыл бою батыштан чыгышты карай соккон аба агымы үстөмдүк кылат. Ургаалдуу циклондук кыймыл менен айкалышып, океандан материктерге нымдын келишине жана кеңдиктер арасындагы жылуулуктун алмашуусуна шарт түзөт. М. к. үчүн уюлдук абанын басымдуу болушу, абанын температурасы кескин айырмаланган жыл мезгилдеринин алмашышы мүнөздүү; жайы мелүүн жылуу, эң жылуу айынын орт. температурасы 10-25°С. Кышы мелүүн суук же суук, эң суук айынын орт. температурасы дээрлик бардык жеринде 0°Сден төмөн. Евразиянын ички аймактарында январда айрым жерлеринде - 40°Сден төмөн болот. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү кургактыктын басымдуу бөлүгүндө 500- 800 мм, материктик чет-жакаларында 1000- 2000 жлгге чейин көбөйөт, ал эми континенттердин ички бөлүктөрүндө жана субтропиктерге жакындаган сайын 100-200 лгжге чейин азаят.
М. к. континенттик жана океандык (чыгыш жээги муссондук) климаттарга бөлүнөт. Тоолорго климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү, анда тоону өрдөгөн сайын нымдуулук артып, абанын температурасы төмөндөйт; тоо аралык ойдуңдарда температуранын инверсиясы байкалат. Кыргызстандын түндүк бөлүгү М. комитетык алкакта жайгашкан.