МЕЙЕРХОЛЬД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕЙЕРХОЛЬД Всеволод Эмильевич (Карл Ка­зимир Теодор Майергольд) [28. 01 (9.02). 1874, Пенза - 2. 02. 1940, Москва] советтик режиссёр жана актёр, Респ-канын эл арт. (1923). Москва фи­лармония коомунун музыкалык драма окуу жайын бүтүрүп, 1898-1902-жылы Москва көр­көм театрында актёр болуп иштеген. 1902-06-ж. «Жаңы драматеатры» труппасынын актёру жана режиссёру. Ушул мезгилде

М. символизмдин поэтикасына байланыштуу шарттуу-эстетикалык театр­дын программасын көтөрүп чыгат. 1917-жылы саясий-аги­тациячыл театр уюштуруу идеясын көтөргөн. Херсон, Николаев, Петербург ж. б. ш-да актёр жана реж. 1920-38-ж. Москва театрын (Мейер­хольд атындагы театр) жетектеген. М. мамлекеттик Жогор­ку режиссёрдук (кийинчерээк театрдык) өнөрка­наларды уюштурган, ал жерден актёрлор тобу үчүн жаңы - биомеханика ыкмасын иштеп чык­кан. В. В. Маяковскийдин «Мистерия-Буфф» (1921), «Кантала» (1929) жана «Мончо» (1930), Н. Р. Эрдмандын «Мандат» (1925), А. Н. Ост­ровскийдин «Токой» (1924), Н. В. Гоголдун «Тек­шерүүчү» (1926); А. С. Грибоедовдун «Акылдын азабы» (1928), А. Дюманын (уулу) «Камелия кармаган аял» (1934) ж. б. спектаклдерди кой­гон.