МЕДЕТБЕКОВ Артур Капарович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
20:10, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕДЕТБЕКОВ Артур Капарович (19. 10. 1959- жылы туулган, Жалал-Абад) - генерал-майор (2006).

Москва полиграфиялык университетин (1985), СССР мамлекеттик кооп­суздук комитетинин жогорку курсун (1987) бүткөн. 1985- 87-ж. Кыргыз полиграфком­бинатында, 1987-2010-жылы КРдин улуттук коопсуздук органында бөлүмчөнүн, бө­лүмдүн, башкармалыктын начальниги, Улуттук кооп­суздук кызматынын төрага­сынын 1-орун басары, КРдин мамлекеттик коргоо кыз­матынын төрагасы, КР мамлекеттик коопсуздук комитетин­деги «Альфа» бөлүмчөсүнүн негиздөөчүсү жана алгачкы жетекчиси. 2008-09-ж. КР дипломатиялык ака­демиясында окутуучу болуп иштеген. Кыргызстан элдик-демокр. партиясынын төрагасы.