МАЯК (кыштак)
МАЯК (мурдагы П у м) - Баткен облусу Кадамжай р-нундагы кыштак. Марказ айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1280 м бийиктикте
жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 24 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинин 29 км аралыкта жайгашкан. Калкы 1001 (2009); негизинен мал чарбалыгында эмгектенип, тамеки өстүрүшөт.
